Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына катардагы каттам менен учуп кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына катардагы каттам менен учуп кетти
14 Кулжа 2018 14:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына катардагы каттам менен учуп кетти.
«Сапардын алкагында Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат. Президентти Москва шаарына 6-7 гана адам коштоп баргандыктан, биринчи борттун кызматы колдонулган жок. Өлкө башчы менен чогуу аппарат кызматкерлери жана жансакчылары кетишти», -деп жазылат.
Белгилей кетсек, Президентти Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн 14-июнда Орусияда баштала турган футбол боюнча чемпионаттын ачылыш аземине кадырлуу конок катары чакырган.
Ошондой эле ал орус өлкө башчысы менен да жолугуп, эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди талкууламакчы.
Эске сала кетсек, чемпионаттын ачылыш аземине 17 өлкөнүн лидерлери катышаары айтылууда.