• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент табигый кырсыктарды алдын-алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

21 Теке 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Ал сел, жер көчкү, суу ташкыны болуу ыктымалдыгы жогорулап жаткандыктан, тиешелүү мамлекеттик мекемелер жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл экенин эскертти.

Ошондой эле Жалал-Абад жана Баткен облустарында табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт деп убада берди.

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды сел агызып кетти. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып, каза болгон. Бир нече турак-жай, автожолдор менен мамлекеттик мекемелер жабыр тартты.

Количество просмотров: 175