Президент Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен тартип орногонун айтты.
«Азыркы күнү генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен өлкөдө уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча тартип орногонун көрүп-билип турасыздар. Мындан ары мурункудай көрмөксөнгө салуу, билмексен болуу деген болбойт. Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат. Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин», — деди ал.