• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент «Тунгучтагы» жаңы мектептин ачылышына катышты

21 Жетинин айы 2022 14:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, үстүбүздөгү жылы курулган 15 мектептин бири болгон Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы № 73 жаңы жалпы билим берүү мектебинин ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу жагдайда кызыл лентаны кесип, 550 окуучу орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты.

Президентке окуу класстары жана чеберканалары, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лабораториялар жана башка жайлар көрсөтүлдү. 

Окуучулар ырларды айтып, улуттук жана классикалык аспаптарда ойноп, чыгыш согуш өнөрүн көрсөтүп өз таланттарын тартуулашты. Балдар билим алууга жакшы шарты бар заманбап мектептин курулушу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылыктарын билдиришти. 

Садыр Жапаров билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин милдети экенин, сапаттуу билим берүү мугалимдердин мойнунда экенин баса белгилеп, ошол эле учурда окуучуларды жакшы окууга, кийинки жашоосунда пайдасы тие турган терең билим алууга умтулууга чакырды. 

Ошондой эле президент Садыр Жапаров мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, бир жылдын ичинде мамлекет тарабынан Бишкекте 15 мектеп курулганын, бул коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи. 

Мугалимдер менен ата-энелер Мамлекет башчысына эмгек акы жана окуу процесстери боюнча бир катар суроолорду берип, ыраазычылыктарын билдиришип, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2022-жылы Бишкек шаарында курулган жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачары болот. 

Мектептер мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган. 

Количество просмотров: 80