• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен эмне жөнүндө сүйлөшөт?

11 Аяк оона 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияга чакырды. Бул тууралуу «Govori.TVга» Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу 14-сентябрда саат 17.00дө, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.

Азимбек Бекназаров өлкө башчы менен боло турчу жолугушууда эмнелер тууралуу сөз болоорун толук айта албайт, балким баштан бери салт болуп калган убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушууларын улантууну максат кылып жатса керек деген пикирин айтты.

Эске салсак, 10-сентябрь күнү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолугушканы маалымдалган. Жыйынга мурдакы президент Алмазбек Атамбаев гана катышкан эмес. 

Белгилей кетсек, Убактылуу өкмөттүн курамына Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмурбек Текебаев, Темир Сариев, Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дуйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков кирет. 

Количество просмотров: 747