• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

​Президент УКМКнын 9-кызматынын начальнигин алмаштырды

7 Бештин айы 201918:13 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович башка кызматка өткөнүнө байланыштуу КР​ УКМК төрагасынын орун басары​ — КР​ УКМКнын 9-кызматынын начальниги кызматынан бошотулду.

Президенттин башка буйругу менен Эркинбаев Санжарбек Нуралиевичке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруу жүктөлдү.

Количество просмотров: 503