Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш 12-июнда кабыл алган ,чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.
“Мыйзамда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган. Ошону менен бирге, рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бериле турганы белгиленген”, — деп жазылган маалыматта.
Мыйзам долбоорунун авторлору — депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.
Долбоор Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууга алынганда депутат Султанбай Айжигитов менен Балбак Тулобаев катуу айтышкан.
Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” билдиришкен. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кире турганын белгилешүүдө.