• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Ысык-Көлдүн үстүнөн тик учак менен өттү

13 Кулжа 202214:32 Бишкек Govori.TV

12-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы туристтик сезонго арналган билдирүүсүн жарыялады. Мамлекет башчынын Ысык-Көлдүн үстүнөн учуп бараткандагы сүрөтү Ага Хан фондуна таандык жеке тик учакта тартылган.
Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров тик учактын үлгүсүн Agusta-Bell AB139 соцтармакка көрсөткөн.


«Жеке компаниянын учагын мамлекеттин биринчи адамынын колдонуусу канчалык туура?»,-деген суроого мамлекет башчынын маалымат кызматы мындайча жооп берди.


«Жогорку жетекчилик аймактык сапарларда иштин ыкчамдуулугун арттыруу максатында, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарына болгон сапарларда айрым учурда аба кемесин – Ага Хан Фондуна таандык тик учакты колдонот»,-деп айтылат маалыматта.


Кошумчалай кетсек, бул аба кемесин колдонуу боюнча мындай тажрыйба өлкөнүн мурдагы жетекчилери тарабынан да буга чейинки жылдары колдонулуп келген.

Количество просмотров: 1193