• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент өзүнүн администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысын алмаштырды

18 Чын куран 20259:27 Бишкек Govori.TV

Сагынбек Абдумуталип КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу Президенттин расмий баракчасында айтылат.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Абдумуталип Сагынбек Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды, деп айтылат.

Башка буйрук менен Муратбек Азымбакиев КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 498