• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Президент жаңы жылдык куттуктоосунда Бишкектин көйгөйлөрүн чечүү убадасын айтты

1 Үчтүн айы 20241:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун УТРКдан көрсөтүлгөн куттуктоосун Чүйдүн Орловка лыжа базасында тартылган.

Президент өткөн жылы Кыргызстанда өнүүгө бет алган окуялар көп болгонун белгилеп, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашканын айтты.

“Жүздөгөн мектеп, ондогон бала бакчалардын салынышы, ички жолдордун асфтальтталышы, инфратүзүмдүк объектилердин курулуштарына баарыңыздар күбө болуп келесиздер. Мындан сырткары, ири инвестициялык долбоорлорго старт берилди.
Алардын үзүрүн жакынкы келечекте көрө баштайбыз”-деди президент.

Садыр Жапаров 2024-жылы Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу жанданарын, ага Казакстан жана Өзбекстан кошуларын, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча аракеттер көрүлөрүн жана күздөн тарта пенсия көбөйөрүн билдирди.

Мындан сырткары Бишкектин көйгөйлөрүн чечүү убадасы айтылды.

«Борборубузда көйгөйгө айланган тыгын маселесин чечүү үчүн Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды көбүрөөк сатып алабыз. Ошондой эле Чүй облусунда көп функционалдуу соода-логистикалык борборду куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруудабыз»,-деди ал.

Количество просмотров: 197