Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты.
2024-жылы 3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун курулушу аяктаган. Мындан тышкары 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик имараттын курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.
Садыр Жапаров Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандын алгачкы окуу жайлардын бири болгонун, бул жерде алгач 1923-жылы кыска мөөнөттүү педагогикалык окуу курсу ачылганын айта кетти. Ал эми 1993-жылы болсо агроөнөр жай, педагогикалык билим берүү, курулуш, электроника, энергетика боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында Жалал-Абад мамлекеттик университети түптөлгөн.
Президент илимдин 36 доктору, 92 кандидаты башында турган профессордук-окутуучулук курамга ишке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров окутуучулар жамаатынын ичинде Кыргыз Республикасынын илимине, билим берүүсүнө жана экономикага эмгек сиңирген ишмерлер, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, экономиканын жана спорттун мыктылары бар экени окуу жайда сапаттуу курам эмгектенерин айгинелеп турарын айтты.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун алкагында миллиондогон сомдук долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан студенттердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, бул, албетте, университеттин келечеги үчүн жаңы перспективаларды ача турганын белгиледи.
Президент сөз сүйлөгөндөн кийин жаңы корпустарды кыдырып, окуу класстарын, спорт жана жыйындар залдарын, ашкананы, лабораториялар жана башка жайларды, анын ичинде робототехника кабинетин көрүп чыкты.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик колдоо жана университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана жаңы Кыргызстанды курууга жигердүү катыша турган кадрларды даярдоодо оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.