• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Президент Жапаров Бишкекке кайтып келди

26 Бугу 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты. Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты. Президент Садыр Жапаров 25-майда Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 111