• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент кетет деп жаткан Динара Кутманованы кабыл алды

26 Чын куран 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мекеме тарабынан аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары, жаратылышты коргоо жана жер казынасын пайдалануу тармагында, анын ичинде Кыргызстандын акыркы бир жарым жыл ичиндеги жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл маселелери боюнча жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин климаттык амбицияларын сезилээрлик алдыга жылдырды. 2020-жылдын ноябрынан тартып, жаратылышты коргоо мекемесинин артыкчылыктуу багытынын бири — азыркы замандын глобалдык көйгөйү болгон климаттык күн тартиби аныкталган.

Динара Кутманова ошондой эле, 12-мартта башталган «Жашыл мурас» программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө, республика боюнча экологиялык көзөмөл системасын калыбына келтирүү иштерине жана жер казынасын пайдалануу тармагын өнүктүрүү стратегиясына, атап айтканда, Кыргызстандагы кендерди иштетүүгө мамлекеттин үлүштүк катышуусу боюнча маселелер тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинин жыйынтыгында айтылган климаттык инвестицияларды тартуу боюнча мекеменин иш-чараларынын багыттарын талкуулашты.

Жакынкы убакта энергетика жана автотранспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган климатты каржылоо маселелери чечилиши күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага «Жашыл Мурас» программасын сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууну активдештирүү, климаттык инвестиция жана өлкөнүн кендерин иштетүүгө мамлекеттин үлүштүк катышуусу маселелерин чечүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 6165