Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаровдун «Дордой» базарына барары күтүлүп жатат. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, өлкө башчы соодагерлер менен жолугат. Учурда базарды милиция кызматкерлери курчап турушканы айтылды.
Ал эми президентттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовго байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди
«Азырынча андай маалымат менде жок»,-деп билдирди ал.
Эске салсак, 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышкан. 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери акция өткөргөн.
Ошондой эле “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.
Кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзгөнү кабарланган.