• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

13 Баш оона 2021 18:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт.

Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 487