• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт

26 Жалган куран 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина албайт. Бул тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттиги президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерекке таянып жазды.

Галина Байтеректин айтымында, мамлекет башчыда вируска каршы антитела иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.

Буга чейин президент Садыр Жапаровго вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок экенин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Kaktus.media» редакциясына билдирген.

«Анын антителосу жакшы — 9. Аны эмдөөнүн кажети канча?», — деп билдирген ал.

Бейшеналиев өзү вакцинаны дүйшөмбү күнү, 29-мартта алат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 335