• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Жапаров: Кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес

5 Жалган куран 2024 10:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу агайын-туугандар!

Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта. Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен “Ак калпак кыргыз” деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес.

Ак калпак бул улут намысы экенин аңдаган эр-азаматтар Ак калпак күнүн белгилөө боюнча демилге көтөрүп, улуттун сезимин ойготсо, нарк билги калкыбыз аны жапа тырмак колдоп, жалпы элдик майрамга айландырды. Ошентип, төбөсү төгөрөктүн төрт бурчун, кыры ак кар баскан Ала-Тоону элестеткен улуттук баш кийимибиздин, аны улай бири-бирине көрк берген улуттук кийимдерибиздин кадыры артып турган убак.

Жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөзбөгөн ак калпагыбыз чынында эле мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, ошону менен бирге кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик!

Тарыхы тээ тереңге кеткен көөнө кыргыз элинин ар бир сөзү жөн салды айтылбаган сыңары, ак калпагыбыз баштаган улуттук кийимдерибизде көркөмдүк-эстетикалык жана практикалык жагы эле каралбастан, бүтүндөй жашоо философиясы камтылган. Анын нарктуу аксакалдарыбыз менен барктуу байбичелер кемелине келтире чечмелеп келатышат.

Элибиз улуттук кийимдердин ичинен, айрыкча, ак калпакка өзгөчө маани берген. Баш кийимдин өзүнүн касиети бар ыйык тутуп, башка бирөөгө берген эмес, жоготкон эмес. Баш кетмейин башыңдан ак калпагың түшпөсүн деп алкаган.

Келечек бизге өз улуттук баалуулуктарыбызга, каада-салт, нарк-насилибизге кылган мамилебизге жараша баа берерин эске алганыбызда, бабалардын улуу салтын улоо — биздин, бүгүнкү муундун милдети!

Дагы бир ирет – бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун!

Ылайым, эр-азаматтарыбыз ак калпагын, эже-карындаштарыбыз ак жоолугун, энелерибиз ак элечегин башынан түшүрбөсүн, бийик тутсун, бийик жүрсүн!”.

Количество просмотров: 75