Президент Жапаров мыкты айыл өкмөттөрдү акчалай сыйлады
Президент Жапаров мыкты айыл өкмөттөрдү акчалай сыйлады
21 Тогуздун айы 202112:49 Бишкек Govori.TV
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:
1-орун жана 1 млн 500 миң сом Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө;
2-орун жана 1 млн сом Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
3-орун жана 500 миң сом Баткен облусунун Баткен районуна караштуу самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылды.
Экинчи топтун жеңүүчүлөрү:
1-орун жана 1 млн 500 миң сом Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
2-орун жана 1 млн сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтүнө;
3-орун жана 500 миң сом Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтүнө берилди.
Мындан сырткары, өлкөнү социалдык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн да бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери президенттин энчилүү сааты жана алкыш баракчасы менен сыйланды.
Жапаров шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына …