• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Президент Жапаров соодагерлер менен жолугуп, суроо — талаптарын угууда

5 Бештин айы 202313:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды.

Мамлекет башчы жеринде соодагерлер менен жолугуп, алардын суроо-талаптарын угууда.

Эске салсак, 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышкан. 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери акция өткөргөн.

Ошондой эле  “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

Кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзгөнү кабарланган.

Количество просмотров: 163