• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент Жапаров Венгрияга барды

20 Баш оона 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Талантбек Кушчубеков — Кыргызстандын Венгриядагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.

Количество просмотров: 86