• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жапаров ЖККУ жыйынына эмнеге катышкан жок? Эксперттердин пикири

11 Үчтүн айы 2022 18:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынына президент Садыр Жапаровдун ордуна катышты. Буга өлкө башчынын күтүүсүз кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканы себеп болду. Ал эми президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров канча күн жана кайда эс ала турганын тактаган жок. Бул жагдай коомдо бир катар кептердин козголушуна түрткү болду. «Президент эмне үчүн ЖККУнун жыйынына катышкан жок?» деген суроонун тегерегинде эксперттердин пикирин угуп көрдүк…

Саясат талдоочу Айданбек Акматовдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышпаганынын эки себеби болушу мүмкүн.

«Биринчиден, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ЖККУнун кезексиз жыйынына катышпаганы жоопкерчиликсиздик. Президент бул маселеге дыкат көңүл буруп, жыйында сөз сүйлөө менен кыргызстандык жарандардын дарегине айтылган айыптоолорго өзү жооп кайтарса болот эле. Маанилүү маселелер талкууланып жаткан учурда өлкө башчынын өзүнүн катышуусу жөндүү болмок. ЖККУ жыйынынын алдында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканы туура эмес көрүнуш болуп калды. Экинчи жагы өзүнчө протест дагы болушу мүмкүн. Анткени азыркы бийлик ушундай элдик толкундоодон кийин такка келген. Казакстан менен Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстанда болуп жаткан окуяларды террордук чабуул катары көрсөтүүгө аракет жасап, башкаларга таңуулашты. Деген менен социалдык түйүндөргө жарыяланган маалыматтардын негизинде элдик толкундоо болгонун көрдүк. ЖККУну Лукашенко, Путин, Рахмон, Токаев өз пайдасына пайдаланып жатат. Ушул өңүттөн алганда биздин президент жөнөкөй элди согушкерлерге теңеген көрүнүшкө каршылыгын билдирип, ЖККУ жыйынына катышпай койду дегенге негиз бар», — деди Акматов.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул төмөндөгүлөргө токтолду:

«Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаң учурунда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өтүп жаткан. Чырда ЖККУ өз милдетин так аткарбагандыктан Кыргызстан тарап көбүрөөк жапа чеккени белгилүү. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирүү керекпи же жокпу деген өңдүү маселелер айтылган. Кыргызстан балансты сактоо аракетин көрүп жатат десек болот. Мындан улам президент Садыр Жапаров Орусияга жакындап, жыйындарга катышкысы келбеген өңдүү. Ошол эле учурда алыстап дагы кете албайт. Анткени аталган мамлекеттер бизге коңшулаш. Казактандагы жагдайдын өлкөгө таасири тийиши мүмкүн. ЖККУга мүчө болуп, келишимге кол койгондон кийин Токевдин өтүнүчү менен өлкөнүн тынчтык орнотуу күчтөрү жиберилди», — деди эл аралык эксперт Чынара Эсенгул.

Эске салсак, Казакстандагы соңку нааразылык толкун 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Митингдерде элдин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылган. Демонстранттар «Чал, кет!» деп ураан чакырып, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтен толук кетишин талап кылышкан. Бул акциялар өткөн аптада Алматы баштаган шаарларда Казакстандын тарыхындагы эң ири башаламандык менен коштолду. Адам өмүрлөрү кыйылып, имараттар, автоунаалар өрттөлүп, бир катар соода жайлары тонолуп талкаланды.

Алматыдагы тополоңду улай президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү келди. Президент Токаев Казакстандагы акыркы күндөрдө болгон окуялар “бандиттердин жана террористтердин” чабуулунун натыйжасы болгонун айтты. Орусия баштаган уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Казакстандын жетекчилигине колдоо көрсөтүшүп, деструктивдүү күчтөрдүн коркунучун бир ооздон белгилешти. Буга чейин Казакстандын бир катар шаарларында митингге чыккандар “биз карапайым калкпыз, террорист эмеспиз” деп билдиришкен болчу.

Кошумчалай кетсек, ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет. Алар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан.

Количество просмотров: 10236