• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президент Жапаровду Казакстанга кимдер коштоп кетти?

2 Жетинин айы 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен бүгүн Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Количество просмотров: 143