• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

8 Кулжа 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 7-8-июнда болгон иш сапары аяктады.

Анын алкагында бамлекет башчысы Эл аралык Астана форумунун ишине катышып, сөз сүйлөдү, ошондой эле модератор Ричард Квесттин бүткүл региондун экономикалык жана экологиялык дивиденддерин алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары жөнүндө суроосуна жооп берди.

Ушул эле жерде Эл аралык Астана форумунун алкагында Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун Төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар тууралуу баарлашты.

Садыр Жапаров менен Желька Цвиянович мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөсүнө сапар менен келүүгө чакырышты.

Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, бүгүн, 8-июнда Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 76