• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Жээнбековдун анализи таза чыкты

25 Кулжа 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалат.

«Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Количество просмотров: 180