• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Президент Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

4 Баш оона 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Кечээ, 3-августта, Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапарын баштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Суу районундагы дарыгерлер үчүн жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштаган «Айко Сейко» ЖЧКсы текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сооронбай Жээнбеков ишкана жамааты менен баарлашып, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында өкмөт түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик менен өлкөнүн каржы институттары жер-жерлердеги ишканаларды колдоого артыкчылык менен көңүл бурушаарын белгиледи.

Мамлекет башчысы Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» ЖЧКсы сүттү кайра иштетүүчү ишканага барды.

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча саясат аймактарда жумушчу орундарын түзүүгө багытталган, биринчи кезекте ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков эмгек жамааты менен баарлашуу учурунда.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун ички жолдорун реконструкция кылуу жана курулуш иштери менен таанышты.

Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган, 1970-жылдан тартып оңдоло элек Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө. Жолдун ремонту 2020-жылдын 1-ноябрына карата бүткөрүлүшү керек.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы жолдордун ремонтунун жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде, айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы үстүбүздөгү жылдын 25-августуна пландаштырылган.

Эске салсак, мамлекеттик саясатка ылайык, жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 километрден кем эмес жол асфальтталып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү шартында Ысык-Көл облусундагы медициналык объектилердин абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын имаратын көрүп чыкты. Облустук оорукананын карамагында капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болгон эки имарат бар. Алардын базасында кошумча 175 койко-орунду уюштурууга мүмкүнчүлүк бар. Президент Өкмөткө заманбап оорукана кылып реконструкциялоо жана профилин өзгөртүү боюнча аймактардагы кароосуз калган имараттарга ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын жана Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы дагы капиталдык ремонт жүргүзүлө турган объектилердин тизмесине киргизилгенин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Каракол шаарындагы күндүзгү стационардын (50 койко-орун) жана Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы күндүзгү стационардын (28 койко-орун) иштери менен таанышты.

Медициналык персонал менен баарлашууда өлкө үчүн кыйын мезгилде алардын талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 243