• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент жергиликтүү сотторду дайындады

3 Бугу 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

Жалал-Абад облусу:

Чаткал райондук соту:

Керимбек Шарипбай уулу;

Чүй облусу:

Чүй облустук соту:

Алмаз Койлубаев;

Таалайбек Умуркулов;

Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту:

Талант Аккозуев;

Керезбек Есекеев;

Назгүл Илиязова;

Нурлан Кожомбердиев;

Адис Момуналиев;

Нурлан Чериков;

Нурбек Эсеналиев .

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 50