• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Жети-Өгүзгө барды

9 Тогуздун айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү. Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Кошумчалай кетсек, Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.

Количество просмотров: 134