Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Жумаев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.
Алтынбек Жумаев буга чейин Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы, президенттин кеңешчиси болгон. Ошондой эле ал 7-канал телеканалын жетектеген.