• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президентке Чүй облустук сотунун судьясы Оңолбековду кызматтан алуу сунушталды

7 Кулжа 2021 17:23 Бишкек Govori.TV

Судьялар кеңешинин 2021-жылдын 7-июнундагы чечимине ылайык, президентке Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековду кызматтан алуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Эске сала кетсек, бүгүн, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, анда Чүй облустук сотунун аракеттеги төрагасы деп божомолдонгон адамдын жумуш ордунда мас абалында болгон видеосу көрсөтүлдү.

Президент Чүй облустук сотунун төрагасынын мындай жоругу судья деген жогорку наамга туура келбестигине басым жасап, жогорудагыдай жүрүм-турумга жол берилбеши керектигин айтты.

Количество просмотров: 141