7-ноябрь Басма сөз күнүнүн урматына карата Кыргызстандагы алдыңкы журналисттер тарабынан уюштурулуп жаткан “Президентке кат куржун” акциясы старт алган. Учурда аталган акция жыйынтыкталып бүгүн, 15-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго ак ниет менен башталган кат куржун өлкө башчынын басма сөз кызматына жана жарандардан келген кайрылууларды кароо бөлүмүнүн башчысы Аскар Субановго тапшырылды.
Аталган акциянын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева, “Биринчи жолу өлкөбүздө, журналистиканын тарыхында, журналисттер тарабынан президентке атайын кат куржун даярдалды»,-деген оюн айтты.