• Ишенби 5 Бештин айы 2020

Президенттик шайлоо: Курсан Асанов каржы маселеси боюнча өкүлүн алмаштырды

19 ноября 2020 в 9:49 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 18-ноябрда БШК президенттикке талапкер Курсан Асановдун мурда катталган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды.

Курсан Асановдун 17-ноябрдагы арызынын негизинде буга чейин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Үсөкеева Атыргүл Шаршенкадыровнанын каттоосу жокко чыгарылды.

Анын ордуна Абдыкасымова Гүлзат Тилекматовна катталды.

Количество просмотров: 165