Президенттик шайлоого катышуу үчүн 3 адам арыз берди. Арасында Арстан Алай бар
Президенттик шайлоого катышуу үчүн 3 адам арыз берди. Арасында Арстан Алай бар
31 Тогуздун айы 2020 21:02 Бишкек Govori.TV
Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төрт адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Алар:
Кубан Чороев — «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.
Назарбек Нышанов «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти, мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган.
Арстанбек Абдылдаев — «Аурдин» компаниясынын директору, коомчулукта динге байланыштуу бир катар билдирүүлөрү менен таанымал. Абдылдаев мурда президенттикке ат салышкан.
Эске салсак, эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн.