• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабды Мамытканов жетектейт

17 Жетинин айы 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабды жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кабарлады.

Артем Новиков Өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө бардык күч-аракеттер жумшаларын, ал үчүн Республикалык штаб түзүлгөнүн, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Количество просмотров: 240