Президенттикке талапкерлердин саны 24кө жетти. Алардын катарында кимдер бар? (тизме)
Президенттикке талапкерлердин саны 24кө жетти. Алардын катарында кимдер бар? (тизме)
13 Жетинин айы 2020 10:09 Бишкек Govori.TV
Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24кө жеткендигин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин талапкерлигин койгон Бакыт Бакетаев Боршайкомго президенттик шайлоого катышуу максатында тапшырган документтерин кайтарып берүү үчүн кайрылган.
Алар:
Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
Арстан Алай — активист;
Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
Кубан Чороев — экономист;
Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
Назарбек Нышанов — активист;
Нурлан Мотуев — активист;
Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
Токтайым Уметалиева — Ай-Данек» гезитинин редактору;
Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
Жамбылбек Камчиев – куудул.
Арсланбек Малиев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.