• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президенттин Айсулууну телефон аркылуу куттуктаган видеосу

5 Баш оона 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекова  даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров үй -бүлөсү менен финалдык таймашты көргөндүгүн, мындан тышкары, жүз миңдеген мекендештер түз эфирдеги күрөштү көрүп, Айсулууну сүрөп турушканын кошумчалады.

«Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына чың ден соолук жана жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалап, Мекенине аман-эсен кайтып келип алышын тиледи.

Количество просмотров: 185