Бишкек. 01.04.2019.Govori.TV.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» (Казакстан тараптан «Карасу») көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөн. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 1-апрелге карата ал жерде 223 автоунаа коңшу өлкөгө өтө албай турат.
«Сүйлөшүүлөр өкмөттөрдүн деңгээлинде өтүп жатат. Казак тарап күнүмдүк тиричиликте колдонулчу буюм-тайымдарды текшерүүгө алууда. Ал эми тамак-аш штаттык режимде өткөрүлүп жатат», — деди Сыдыков.
Белгилей кетсек, «Ак-Тилек» пунктунда фуралар кезек күтүп өтө албай турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.