• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президенттин басма сөз катчысы Бишкек мэри боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди

9 Бирдин айы 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев боюнча тузүлгөн кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдардын жайылып жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучуга байланыштуу маселеге пикирин билдирди. Ошону менен бирге кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз», — деп билдирди Галина Байтерек.

Количество просмотров: 476