Президенттин басма сөз катчысы депутат Самат Ибраевдин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда айткан маалыматы боюнча комментарий берип, айрым Жогорку Кеңештин депутаттарын президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды.
«Маалымат таратуу үчүн басма сөз кызматы бар»,-деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
29-сентябрь күнү депутат Самат Ибраев парламентте кызуу талкууланган орусиялык банкир, эксперт Владимир Фролов тууралуу «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда түшүндүрмө берген. Эл өкүлү Фроловду президент Садыр Жапаров өзү кабыл алганын айткан.
Жогорку Кеңештин кечээ күнү өткөн отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетип, ордуна жаңы төрага шайлануу учурунда депутаттар арасында Саматбек Ибраев сунуштаган банк тууралуу мыйзам долбоору жана ага тартылган эксперт Владимир Фроловдун айланасында талаш-тартыш болгон.