• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан бошотулду

24 Бештин айы 202410:11 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Количество просмотров: 168