Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.
Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бир катар иш-чаралар түз эфирде чагылдырылат.
«Алсак, бүгүн Мамлекет башчысы салттуу «сүмөлөк» азыгын даярдоого (КТРКнын түз эфиринде 19.25те), ал эми эртең Баткендеги майрамдык иш-чараларга катышат (КТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде 10.00до)», — деп жазылат билдирүүдө.