Президент Садыр Жапаров 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен бейрасмий форматта жолкту. «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн салттуу сый тамак уюштурганы белгилүү болду.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мындай жолугушуу жыл сайын парламенттик сессия жыйынтыкталганда өткөрүлүп турат.
Саясий билдирүүлөр болгон эмес. Өлкө башчысы өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон айрым шашылыш мыйзам долбоорлорунун кабыл алынгандыгы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирген.