• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Фарид Ниязовду кызматында калтырды

27 Бирдин айы 2018 9:46 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты
Анда белгилүү болгондой, Сооронбай Шарипович аппарат башчысы менен мындан ары да иштеше тургандыгын айтып, анын арызын кабыл алган эмес. “Президент аппарат башчысы Фарид Ниязовго бир жумалык эмгек өргүүсүнө чыгып келүүгө уруксат берди. Анткени, ал Президенттик шайлоодон бери эч эс албай иштеп жаткан”,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми өздүк булактарыбыз аппарат башчысы эмгек өргүүдөн кийин баары бир кызматынан четтетилээрин, бул бир жумалык убакыт жөн гана коомчулукта “Фарид Ниязов мамлекеттик протоколду бузганы үчүн кызматынан кетти, ал жоопко тартылыш керек”- деген талап болбошу үчүн гана колдонулуп жатканын айтышты.
Эске сала кетсек, аппарат башчы Фарид Ниязов 15-17-февраль күндөрү кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, Москвада КСДП партиясы менен орусиялык “Единная Россия” ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюп жүргөнү коомчулукка маалым.
 
Количество просмотров: 22