• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Президенттин келишин күтөлү». Жумабеков Байсалов менен сүйлөшкөнүн айтты

4 Бирдин айы 2022 18:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун ушул кезге чейин жетектеп келген Сабырбек Жумабеков бүгүн, 4-февралда Govori.TV мультимедиалык агенттигинин «Майдан» дебатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен сүйлөшкөнүн айтты.

«Эртең менен мага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чалды. «Сабыр Артисбекович, биз түшүнүп жатабыз. Комиссия түзүп, оң-терс жактарын карап, президент келген соң чечимди кабыл алат» деди. Мен макулдугумду берип, күтүүнү чечтим. Аңгыча министр журналисттерге маалымат жыйын берип, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жоюлганын жана башка жетекчи дайындаганын айтты. Ушул күнгө чейин министр кызматтан кетсин деп айткан эмесмин. Болгону аталган борборду коргоп калууну сурандым. Президенттин келишин күтпөй, мистр өзүнүн буйругу менен тиешелүү мекемелерден уруксаты жок, өз билемдик кылып борборду өзгөртүп, жетекчи кылып башкы дарыгер алып келгени туура эмес»,-деди Жумабеков.

Количество просмотров: 1382