• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Президенттин командасы “Мурас” турниринде жеңишке жетти

10 Бештин айы 20239:52 Бишкек Govori.TV

8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.

Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.

“Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. Муну командалардын оюнунан да көрүүгө болот”, — деди Садыр Жапаров.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Количество просмотров: 126