• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президенттин кубогу үчүн күч сынашчу көк бөрү командалары анык болду

18 Баш оона 2018 11:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.08.2018. Govori.TV
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 24-30-август күндөрү Бишкектин «Ак-Кула» ат майданында болмокчу. Көк бөрүдөн сырткары ат чабыш (20км), тай чабыш (5 км), кунан чабыш (11 км), жорго салыш (9км), кунан жорго (5 км), бышты жорго (7 км) жарыштары өткөрүлөт. Быйылкы оюндар аймактарды өнүктүрүү жылына арналмакчы.
Бул күнү Кыргызстандын клубдук командалары күч сынашат:
— Келечек
— Арашан
— Четинди
— Төш булак
— Бакубат Талас
— Сынташ
— Алыкул
— Бакай-Ата
— Сокулук
— Көк-Жал
— Толкун
— Сары Өзөн «Рассвет»
Финалдык оюндар 30-август күнү болуп, жеңүүчү аныкталат. Мелдешти Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Көк бөрү жана Аргымак федерациясы менен биргеликте уюштурууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз республикасынын президентинин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл жогорку лиганын улакчылары Көчмөндөр оюндарына дайындалып жаткандыктан, экинчи лигадагы командалар күч сынашмакчы.

 

Количество просмотров: 26