Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 23-декабрында “Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.