• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин пресс-катчысы Шыкмаматовдун парламентте талкуу болгон пикирлери тууралуу комментарий берди

23 Бештин айы 202418:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Аскат Алагозов Салык Кызматынын башчысы Алманбет Шыкмаматовдун Жогорку Кеңеште талкуу болгон пикирлери тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, “Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!”, — бул президент Садыр Жапаровдун министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго берген тапшырмасы.

Алакөзовдун айтымында, мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.

Дал ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров жакында эле министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.

Жооптуу кызматкерлер мамлекет башчысына өз учурунда маалымат берип турушат.

Количество просмотров: 1276