• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин сүрөттөрүн «сүйлөткөн» жаран Башкы прокуратурага чакырылды

30 Аяк оона 201811:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.09.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдө эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрүнө текст кошуп, президент сүйлөп жаткандай көрүнүштү көрсөтүп мем жасаган дизайнер Никита Тарасенко Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу 29-сентябрда ал өзү айтып чыкканын «МАРАЛ» сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Тарасенко Башкы прокуратурага барып түшүнүк кат жазган. Анда сүрөткө жазылган сөздөрдүн себебин, маанисин жазып берген.

Белгилей кетсек, август айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө эс алган. Анын эс алуудагы сүрөттөрүн президенттин басма сөз кызматы жарыялагандан кийин сүрөттөр интернетте талкуу жараткан эле. Дизайнер да интернеттеги баракчасына сүрөттөрдөн мем жасап жүктөгөн.
Количество просмотров: 40