Акыркы мезгилде кармалгандардын бардыгы жана баш коргоо чарасы мыйзамдуу. Мындай пикирин президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал айрым эл өкүлдөрүнүн, атап айтканда Дастан Бекешевдин ИИМдин экс-орун басары Курсан Асановду үй камагына бошотуу, жана депутат Карамушкинанын Фарид Ниязов жана Абдил Сегизбаев тууралуу айткан сөздөрүнө жооп берип жатып билдирген.
Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин өкүлүн депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий бербөөнү суранды.
«Мен комментарий берген жокмум, жооп берип жатам. Сиз антип бузбаңыз мени», — деди Анарбек Калматов.
Анын айтымында, эл өкүлдөрү бийликти жана укук коргоо органдарын саясий куугунтукка айыпсыз айыптап жатышат.