• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Профессор Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

29 Бугу 20201:53 Бишкек Govori.TV

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

«Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет.

Количество просмотров: 215